Нарын шаарына Бишкектен 6 троллейбус алынып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Нарын шаарына 6 троллейбус алынып келди. Троллейбустар борбор калаа Бишкек шаарынан жеткирилди.

Turmush 2023-жылдын сентябрь айынын башында Нарын шаарында 3 троллейбус бар экенин жазган.

43 жаштагы Мирлан Сулаймановдун айтымында, Бишкекке жаңы троллейбустар келгенде эскилери Нарынга жеткирилет.

«Азыр эдин чөнтөгү жука, таксиде жол акы 20 сомдон өйдө. Ал эмес троллейбуста 5-класска чейинки окуучулардан жол акы алынбайт. Калгандарына жол кире 5 сом. Көпчүлүк бизди күтүп, түшүп калышты. Эртең менен саат 7:15де чыгып, кечки 20:00гө чейин иштейбиз.

Нарын шаарында 3 троллейбус бар. Троллейбустарды жаңыртып берсе жакшы болмок. Алар эски, ичи муздак, бат-баттан бузулат. Бишкектегидей жаңы троллейбустар алынып келсе жакшы болмок. Биз айдап жүргөн эски троллейбустар 1995-жылы чыккан. Бишкекке жаңы троллейбустар келгенде эскилери бизге жеткирилип, анан биз оңдоп айдайбыз», — деген ал.

Пример HTML-страницы

2024-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада айрым гана көчөлөрдө троллейбус каттай турганын билдирген.

Калтырылган 40ка жакын троллейбус Жибек Жолу, 7-апрель, И.Ахунбаев көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин чарчысында каттай турганы айтылган.

Бишкек шаарынын борборунан жүргүнчү ташыган 1200 кичи автобус алынып, алардын ордуна автобустар каттап баштаган. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1000 автобус сатылып алынды. Дагы 68 автобус алынып келет.

Мэриянын маалыматына караганда, 2024-жылы 120 электробус сатып алуу процесси аяктайт.

Бишкекте жалпы 152 троллейбус бар болчу. Алардын ичинен 100 троллейбус Ош шаарына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️