Нарын шаарына 66 млн сомго 5 электробус алып келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарына республикалык бюджеттен 5 электробус алынып келинди. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова билдирди.

Маалыматка караганда, 36 орундуу, «Yutong» үлгүсүндөгү электробустарды тендерден утуп алган «Оомат Нурдос» ЖЧКсы Кытайдан алып келген. Тарифтери жүрүп баштаганга чейин каралат.

«5 электробус жана алардын кубаттоочу 3 жабдуусун насыяга 66 млн сомго алдык. Азыр атайын комиссия автобустун жүрүшүн, мүмкүнчүлүгүн текшерип муниципалитетке өткөрүп алуу аракетин көрүп жатат. Жакынкы аралыкта каттамга чыгып калат», — деди ал.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Оомат Нурдос ЖЧКсы 2020-жылы 13-майда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Рахимова Кызжибек Турдибековна көрсөтүлгөн. Компания башка топторго кирбеген курулуш-монтаж иштери менен алектенет.

Бул компания Жалал-Абад шаарында 118 млн 5 миң сомго 10 автобус алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️