Нарын районунда жылкыларга чагылдыруучу тасмалар тагылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районунун айылдарында жылкыларга түнкүсүн чагылдыруучу тасмалар (лента) байланды. Бул тууралуу Нарын райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн жетекчиси Нурбек Бердибеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган түзүмдүн кызматкерлери Оттук айылында бир үйүр, тагыраагы 14 жылкынын мойнуна чагылдыруучу тасма байлашкан.

Бул иш мал-жандыктардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.

«Учурда жайлоодон мал түшүп, түнкүсүн унаадан сүзүп кеткен фактылар көп катталып жатат. Ошондуктан биз малдын ээлери менен бирге ушундай тасмаларды байлап жатабыз», — деди Н.Бердибеков.

Эске салсак, жыл башынан бери Нарын районунун аймагында жалпы 11 малды сүзүп кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️