Пример HTML-страницы

Нарын районунда ыр кесе өтүп, кезек Ак-Суу районуна узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районунун Кайыңды айылында элден чыккан таланттарды, мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди жана айыл аймактардан чыккан өнөрлүү инсандарды эл адына чугаруу максатында ыр кесе уюштурулду.

Маалым болгондой, аталган долбоор президенттин Улуттук нарк, Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө жарлыктарынын алкагында мамлекеттик тил, улуттук каада-салтты, үрп адаттарды жайылтуу максатында ишке ашырылды.

Ыр кесе Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Нарын районуна өткөрүлүп берилген. Кийинки кезек Нарын районунан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE