Нарын районунда волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

TurmushНарын районунун Дөбөлү айылында Апрель революциясынын баатыры Э.Исаевдин жаркын элесине карата өрөөндүк деңгээлде өткөн волейбол оюну боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды.

Спорттук иш-чара Дөбөлү айылынын О.Токтосунов атындагы орто мектебинде өтүп, ага жалпы 7 команда катышты. Оюндун жыйынтыгы менен Дөбөлү айынын жаштар командасы 1-орунду, О.Токтосунов атындагы мектебинин окуучулары 2-орунду, Алыш айылынын командасы 3-орунга ээ болушту.

Жеңүүчү топторго кубок, диплом жана белектер тапшырылды.

Байге фонду 20 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️