Пример HTML-страницы

Нарын районунда тоют жыйнала баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын районунда тоют топтоо өнөктүгү жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын районундагы айылдарда чөптүн биринчи чабыгы чабылып баштады. Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына таянсак, 2024-жылы жалпы 13 миң 168 гектар жерден көп жылдык чөп жыйналат. Аба ырайынын жаанчыл болгондугуна байланыштуу район боюнча 190 га көп жылдык чөп чабылып, орточо түшүмдүүлүк 70 центнерден айланууда.

Мындын тышкары 1776 бир жылдык чөптүн аянты азырынча чабыла элек. Жалпы район боюнча 2024-жылга 14944 гектар тоют жыйналат.

Учурда чөптүн бир түгү 230-250 сомдон бааланууда. Бирок сатыкка чыга элек.

————

Буга чейин Түп районунун айыл аймактарында беде чөптүн биринчи чабыгы жыйналып жатканы айтылган. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл малдын тоюту мол болду. Каркыра айыл аймагынын тургундары маалымдагандай, бир түк тоют чөп 200 сомдон сатылууда.

Ал эми Жайыл районунда көп жылдык чөптөрдүн биринчи чабыгы аяктады. 2023-жылы кыргызстандыктар сугат суунун жетишсиздигине нааразы болушса, 2024-жылы нөшөрлөгөн жаан-чачынга жана селге кабылышкан. Майдын жаанчыл болушу көп жылдык чөптөрдүн өсүшүнө жакшы таасир берди.

Дыйкандардын айтымында, биринчи чабыкта жогорку түшүм алынган. Учурда 1 түк чөп 200 сомдон 250 сомго чейин болсо, талаадан 170 сомго келишим түзсө болот. 2024-жылы чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе төмөн. Маселен, мындан бир жарым, эки ай мурда (жаңы чабылганга чейин) өткөн жылы чабылган бир боо беде сапатына жараша 400 сомдон 450 сомго чейин болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE