Пример HTML-страницы

Нарын районунда кулап калуу коркунучунда турган мектептин 225 орундуу жаңы имараты курулуп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштери башталды.

Муса Байдөлөтов атындагы орто мектеби 1930-жылы башталгыч мектеп болуп уюшулган. 1937-жылы жети жылдык, 1949-жылы сегиз жылдык, 1967-жылдан тартып он жылдык болуп уюшулган.

Мектеп директору Миргүл Асылбекованын айтымында, мектеп эки корпустан турат. Азыркы күндө биринчи корпусунун пайдубалы чөгүп, дубалдарында жаракалар пайда болгон. Дубал менен шыптын ортосундагы жарака 15 сантиметрге чейин жетти. Жаракалардын айынан терезелер түшүп, корпустун бир жак капталы кулап калуу коркунучунда турат.

2017-жылдын 11-сентябрында Нарын районунун жарандык коргонуу комиссиясынын корпус авариялык абалда деген корутундусу берилген. Мындан улам бул корпуста окуу токтотулган.

Экинчи корпус 100 орундуу, сегиз класстык бөлмөлөрү бар, анын бири — компьютердик класс. Кошумча ийрим иштерин жүргүзүүгө жана методикалык иштерге кабинеттер жетишсиз.

Окутуу 2 нөөмөт менен жүргүзүлөт. Азыркы күндө мектепте 250 окуучу билим алып, 27 мугалим, 11 техникалык кызматкер эмгектенет.

Окуучулар мектепке 3 чакырым алыстыкта жайгашкан Ак-Булуң жана 7 чакырым алыстыкта орун алган Төш-Булак айылындарынан келишет.

Мектептин жаңы имаратын куруу үчүн мамлекет тарабынан капиталдык салымдар беренеси менен 116 млн 974,0 миң сом бөлүнгөн. Долбоору «Элет Арх» ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Курулуш иштерин подрядчы уюм катары «Кайыңды-М» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

«Элет Арх» жоопкерчилиги чектелген коому. Каттоо: 15.11.2011-жыл. Негизги ишмердүүлүгү: инженердик изилдөөлөр жана бул багытта техникалык кеңештерди берүү жаатындагы иш-чаралар. Жетекчиси жана уюштуруучусу: Мамырбаева Сайракүл Мокешовна.

«Кайыңды-М» жоопкерчилиги чектелген коому. Каттоо: 12.10.2013-жыл. Негизги ишмердүүлүгү: турак жай жана турак эмес имараттарды куруу. Жетекчиси жана негиздөөчүсү: Асанкадир уулу Мелис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE