Нарын районунда Апрель курмандыктары эскерилди

TurmushБүгүн, 5-апрелде Нарын районундагы «Тянь-Шань» паркында Апрель окуясынын курмандыктарына арналган эскерүү иш-чарасы өтүп, эстелик алдына гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, эскерүүнүн сонуңда Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Апрель окуясына Нарын районунан 50дөй адам катышып, Эмгек-Талаа айылынын тургуну Максат Жээналиев менен Ак-Талаа айылынан барган Алмазбек Абдразаков борбордук аянтта атылган октон курман болгон. Кийин алган жаракаттарынын кесепетинен 7 тургун каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️