Нарын облусунда диний экстремизм боюнча 9 кылмыш иши катталган

TurmushУчурда Нарын облусу боюнча диний экстремистик уюмдардын 57 мүчөсү каттоодо турат. 2021-жылы экстремизм боюнча 9 кылмыш иши катталып, 1 иш соттун кароосуна жиберилген. Мындай маалымат Жумгал районунда болгон «Ислам — тынчтыктын, ынтымактын жарчысы» аталыштагы үгүт бригадасынын жыйынында айтылды.

Жыйынга 200дөн ашык жергиликтүү калк, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Нарын облустук казыятынын өкүлү Кумарбек Орозалиевдин айтымында, бул иш-чаранын максаты — экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана президенттин жаңы жарлыгын тааныштыруу.

«Ысырап кылбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Элдин кабыл алуусу абдан жакшы. Жамандык болгон учурда мал сойгон жокпуз дешүүдө. Албетте, бул үй-бүлөлүк экономиканы чыңдоо болуп жатат.

Ал эми экстремизм, терроризм боюнча айта турган болсок, укук коргоо органдары менен биргеликте жалпы элге маалымат берип жүрөбүз. Мен Ханафий мазхабы боюнча түшүндүрүп жатам. Ушул багытта жүрсөк, жаңылышпайбыз, адашпайбыз туура эмес жолго кирип кетпейбиз», — дейт К.Орозалиев.

Үгүт бригадасы 15-марттан баштап үгүт-насаат иштерин баштаган. Алгач Кочкор жергесинен баштап, кийин Жумгал районунда жүргүздү.

Пример HTML-страницы

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Алмазбек Максүтовдун айтымында, үгүт бригадасынын семинары эки багытта жүргүзүлдү. Анын бири — диний экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү болсо, экинчиси — президенттин №54 жарлыгына ылайык өзгөчө маркумду коюу, эскерүү иш-аракеттерин өткөрүүдө ысырапкорчулукка каршы күрөшүү болду.

«Элибизге, өзгөчө жаштарыбызга экстремизм, терроризм боюнча түшүнүк берип, агартуу иштерин жүргүзсөкпү деп келгенбиз. Бул тууралуу жакшы маалыматтарды берип, суроо-жооптор болуп, аздыр-көптүр түшүнүк бердик деп эсептейбиз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, экстремизм, терроризмдин негизги себептери сабатсыздыктан келип чыгат экен. Сабатсыздык, билимсиздик караңгылыкты алып келет. Караңгылык адашууга, чектен чыгууга алып келип, коомубузга ар кандай коркунучтарды жаратат.

Бул жолугушуулар башка райондордо да уланат. Анан облустук масштабда форум өткөрүлөт. Ошол форумда жыйынтык чыгарабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️