Пример HTML-страницы

Нарын облусуна мобилдик көчмө клиника келди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында мобилдик көчмө клиника уюштурулуп, 17-июндан баштап кызмат көрсөтүп жатат.

Мобилдик көчмө клиника Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин алкагында республиканын аймактарын кыдырып, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкка кызмат көрсөтүүдө.

Мобилдик клиника август айынын аягына чейин Нарын облусун калкына акысыз медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптарга диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана дарылайт. Ошондой эле пландуу түрдө жалпы хирургиялык чоң эмес операциялар жасалат. Терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтеролог дарыгерлери акысыз кызмат көрсөтүшөт.

Клиника компьтердик томограф, рентген, маммограф, УЗИ, лаборатория, гастроскопия жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле клиниканын мобилдүү автоунаалары менен алыскы аймактардагы калкты ташып келип, дарыгерлерге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Нарын районунун калкына кароо жүргүзүлүп бүткөндөн кийин график менен башка райондордун элине медициналык кароо жүргүзүлө баштайт.

Иштөө графиги дүйшөмбү-ишемби күндөрү эртең мененки саат 08:30дан кечки 17:30 чейин, жекшемби күнү эс алуу күнү болот. Түшкү тыныгуу саат 13:00дөн саат 14:00гө чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE