Нарын облусу боюнча жалпы 151 дарыгер жетишпейт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусу боюнча жалпы 151 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Үсөн Курманбаев билдирди.

Анын айтымында, кадрларга таңкыстыкты чечүү үчүн жергиликтүү бийлик, оорукана жетекчилиги тарабынан аракеттер көрүлүүдө.

«Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 22 дарыгер жетпейт эле. Айрым дарыгерлер келди. Азыр 17 дарыгер жетпейт. Облус жетекчилигинин жардамы менен медакадемияда 9 студент окуп жатат. Алар окуусун бүткөндөн кийин бизге иштеп берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жетишпеген айрым дарыгерлерге өзүнчө 20 миң сомдон кошумча акча төлөнүп берилет деп жатат. 2024-жылы региондорго, кичи шаарларда иштеген дарыгерлерге 50%, медайымдарга 20%, кенже кызматкерлерге 10% айлыктары көтөрүлөт деп жатат. Күз айынына баштап бизге жаш кадрлар келет деген үмүт бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️