Пример HTML-страницы

Нарын облусу боюнча «Алтын тамга» алган 6 бүтүрүүчүнүн бири — Айзада келечектеги кесибин тандады

Акыркы жанылыктар

TurmushАйзада Майрамбекова — «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алгандардын бири. Ал Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын быйылкы бүтүрүүчүсү.

Каарманабыз 2006-жылдын 20-ноябрында Чаек айылында туулган. Үй-бүлөдө 4 бир тууган, өзүнөн улуу 3 агасы бар. Кичинекей кезинен олимпиада, сынактарга катышып, коомдук иштердин активдүү мүчөсү болгон. Мектептен сырткары баскетболго катышат.

Атасы Майрамбек Бакаев жеке ишкер, апасы Алтын Токтогонова Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында мугалим, кесиби боюнча тарыхчы.

«Бир жума мурун ЖРТ тапшырдык. Бир жылдан бери курстарга барып, активдүү даярдандым. ЖРТ аябай деле оор болгон жок. Азыр мен IT тармакка кызыгып жатам. Ошол жакка тапшырайын деп чечтим. Ал эми «Алтын тамга» алуума мугалимдерим салым кошту. Аларга ыраазычылык билдирем», — деди ал.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE