Нарын облустук төрөт үйү 13 млн сомго оңдолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт үйү капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Үсөн Курманбаев билдирди.

Маалыматка караганда, учурда жумуштун 90% аяктап, майда иштери калды.

«Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт имаратын оңдоо боюнча Нарын облустук «Теңир-Тоону өнүктүрүү» фондуна долбоор жазылган. Долбоорду утуп алып, ошонун негизинде оңдоо иштери башталган. Төрөт имараты 1991-жылы салынып, 1993-жылы колдонууга берилген экен. Ошондон бери канализация, суу түтүктөрү, электр токтору оңдолгон эмес. 30 жылдан бери түтүктөрү чирип, суу агып инфекциялык көзөмөлдүк талапка жооп бербей калган.

Долбоордун жалпы сметалык баркы 13 млн 800 сомду түзөт. «Умай курулуш» ЖЧКсы 13 млн 498 миң 504 сомго утуп алган. Оңдоо иштери 2023-жылы 25-декабрда башталган. Негизи 1-апрелде аяктамак, бирок ортодо кошумча жумуштардын пайда болгондугуна байланыштуу бүтпөй калды. 1-майга чейин узартышкан. Азыр 90% жумуштары бүтүп, майда иштери калды. Буйруса август айынын башында бүтүп калат. Белгинеген күндөн өткөн күнгө штраф төлөйт. Ал акча мамлекеттин эсебине кетет», — деди ал.

Төрөт үйү август айында аяктап, сентябрь айында пайдаланууга берилет.

Пример HTML-страницы
  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Умай курулуш» ЖЧКсы 2023-жылы 6-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү катары Керимбеков Мирлан Канаевич көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️