Пример HTML-страницы

Нарын мамлекеттик университетинде жаңы адистик ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushС.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде жаңы дарылоо иши адистиги ачылды.

Белгилүү болгондой, Нарын мамлекеттик университети дарылоо иши адистигинин лицензиясын кыргыз жана чет өлкөлүк жарандарга 2023-жылы алган.

Аталган адистикке кабыл алуу жана тапшыруу Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу жана тапшыруу тартибине ылайык жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттин ЖРТдан алган упайы босого упайдан жогору (110 упай), ошол эле учурда химия жана биология боюнча предметтерден 60тан (ар бир предметтен) жогору упай алышы шарт. Окуу акысы — 58 000 сом.

2024-2025 окуу жылына карата С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине кабыл алуу, өзгөчө жаңы дарылоо иши адистигине кабыл алуу боюнча КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга университеттин жана облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчилиги, ММК өкүлдөрү жана башкалар катышып, сунуштар талкууланып, алдыдагы кабыл алууга чогуу иш алып баруу пландалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE