Нарын, Алай жана Өзгөн менен чектешкен Кара-Кулжадагы айыл

Акыркы жанылыктар

TurmushОй-Тал айыл өкмөтү — Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жайгашкан. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Шералы Жунусов аймактык кабарчыга айыл тууралуу кененирээк айтып берди.

«Ой-Тал айыл өкмөтүндө 2 айыл бар. Борбору Ой-Тал айылы болсо, эинчиси Көңдүк айылы. Райондун борборунан 76 километр алыс аралыкта, деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийикте жайгашкан. Калкынын саны 3 миң 300 адамды түзөт. Айыл өкмөттө 2 мектеп жана 2 бала бакча бар. Мындан сырткары 1 спорт зал жана спорттук аянтчасы бар. 1 ФАП жана 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер практикалык борбору орун алган. 2 маданият үйү бар. Негизги киреше булагы — мал чарбачылык.

Түндүк-чыгышынан Кызыл-Жар айылы, түндүк-батыш тараптан Капчыгай айыл өкмөтү менен чектешебиз. Ал эми түштүк тарабы Алай району менен чектешип, түндүк тараптан Өзгөн району жана Нарын облусунун аймактары менен чектешет», — деди Ш.Жунусов.

Айылдын аталыш тарыхын жаш тарыхчы Муса Турдумат уулу аталарынан уккан уламышка таянып мындайча баяндады.

«Айылыбыз шамалдан далда жерде жайгашкан. Ал далда жерди аталарыбыз ой деп атап, талдар көп өскөн экен. Талдуу чуңкур, талдуу ой деп жүрүп, Ой-Тал аталып калган.

Пример HTML-страницы

Ой-Тал айылында буга чейин калмактар жашап кеткен деген уламыштар бар. Ал айылдын ортосунда калмактардан калган бийиктиги 6-7 метр болгон дөңчө бар. Аны айыл тургундары калмак дөбө деп атап коюшкан. Дөбөнү тегиздеп коюуга аракет кылганда ал жерден адамдардын сөөктөрү чыгып, ошол боюнча ал жер сакталып калган», — деди Муса Турдумат уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️