Наргиза Абдрахманова ИИМдин академиясында окуп жүргөндө эки кызын жарыкка алып келген

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — 27 жаштагы Наргиза Абдрахманова. Милициянын улук лейтенанты Айтматов райондук ички иштер бөлүмүндө маалыматтык технологиялар тобунун тескөөчүсү болуп иштеп жатат.

Наргиза Абдрахманова Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылында төрөлгөн. Ал 2014-жылы мектепти аяктап, ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясына тапшырып, окууну артыкчылык диплом менен аяктаган.

«2015-жылы Айтматов районуна келин болдум. 2 кызымды тең академияда окуп жүргөндө төрөдүм. Окууга дагы жетишип, кыздарыбызга дагы жетишип жаттым. 2021-жылы милицияга жумушка кирдим. Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болдум. Ал кызматта 2023-жылга чейин иштеп, андан кийин бүгүнкү күнгө чейин Айтматов райондук ички иштер бөлүмүндө маалыматтык технологиялар тобунун тескөөчүсү болуп иштейм. Азыркы учурда милициянын улук лейтенантымын.

Кичинемде милициянын жумушу абдан кызыктуу көрүнчү эле. Биз мектепте окуп жүргөндө милициянын формасын кийген эжекелерди көрүп, абдан сүйүнүп, мен дагы ушул эжекедей сулуу болом деп айтчумун. Академияга тапшыруума атамдын бир тууганы Асыл деген эжем абдан көмөк көрсөтүп, чын дили менен жардам берди. Окуп жүргөн учурда кыздарыбыз удаа төрөлүп, бир күн дагы окуудан калбаш керек болуп, отуруп алып кыздарыма кошулуп ыйлаган учурлар болгон. Бирок ата-энем «бул күндөр дагы өтүп кетет, кийин үзүрүн көрөсүң» деп дем-күч берип, жолдошум жардам берип, кеңешин берип, окууну аяктап алгам. Окуучу кезимден эле бышык кыз элем. Улуу-кичүү дебей баары менен тил табышып кетчүмүн. Ал сапаттарым дагы жумушума көп жардам берди. Волейбол, стол тенниси, кыска аралыкка чуркоо менен алектенип келем», — деди ал.

Каарманыбыз жумуш учурундагы окуя тууралуу айтып берди.

Пример HTML-страницы

«Өзгөчө жаш өспүрүмдөр менен иштегенде кечкисин рейддерге чыкчубуз. Түндө массалык мушташ болсо, аныктоо үчүн кошо жүрчүбүз. Жолдошум баарын түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөткөнү үчүн катарда иштедим. Дайынсыз жоголду деген жаш өспүрүмдөрдү 2 күндөп ар жерде, токойдон, кудуктардын ичинен издеп жүрөбүз. Жолдошум мени унаасына салып алып, жанымда кошо жүрчү эле. Колдоп турган кайын журтума дагы өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Азыркы кызматымда жалаң гана кагаздар менен иштейм. Эл менен тыгыз иштейбиз.

Эң эле эсимде калганы — бул биринчи туң кызыбыз туулган 2016-жылы болчу. Кайын журтум тараптан туугандарыбыздыкында жашап жүрдүк. 26 күн үйдө болдум дагы, анан баламды алып, 2 кичи автобус менен окууга алып барып, окуп жүрдүм. Жаңы туулган бала кечке уктайт го, сабак учурунда кечке уктайт эле. 5 ай болгондо жаңы кылыктары чыгып калганда аудиторияда ыйлап баштады. Ошондо анан айылда ата-энем карашты. Ата-энеме абдан ыраазымын. Ошол кезде жолдошум дагы окуумду бүтүрүп алууга уруксат берди. Ушундай күндөрдөн да өттүк.

Экинчи кызымды 2018-жылы төрөдүм. Ал учурда экзамен учуру болчу. Төрөгөндө 3 күн уруксат сурап, Таласка келип төрөп, эртеси күнү кайра жаңы туулган балам менен барып, экзамен тапшыргам. 1,5 ай баламды көтөрүп алып, окууда жүргөм. Бардыгы акталып, кызыл диплом менен аяктадым. Улам төрөп жатканымда мугалимдерим «академиялык өргүү аласыңбы?» деп сурашат. Көгөрүп отуруп окуунун бүтүптүрмүн. Азыр ошол кезди эстеп, жолдошум менен күлүп калабыз. Кудайыма шүгүр, өзүм каалаган кесипте, өзүм сүйгөн жумушту аткарып жатам. Учурда 2 кыздын ата-энесибиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️