Н.Жолдошев келечек муунга билим берип келүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кош-Коргон айылынын 23 жаштагы Нуртилек Жолдошев кыргыз тилчи жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал 2001-жылы Чүй районунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн.

«Учурда Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектепте кыргыз тилчи жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп 2 жылдан бери эмгектенем. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөм.

Бала кезимен эле кыргыз тили жана адабиятына болгон кызыгуум жогору болчу. Райондук, облусттук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгом. Мындан сырткары, кыргыз тилинен берген мугалимим Айдай Дүшөмбиева өзүнүн мыкты сапаттары менен мугалим болушума түрткү берген», — деди ал.

Окуучуларды замандын талабына ылайык интерактивдүү метод менен окутканга аракет кылат.

Пример HTML-страницы

«Гапыр Мадаминов агайыбыздын “Ата-энелер мектеби” боюнча координатор болуп, Чүй жана Токмоктун мектептеринин арасынан 3-орунду багындырдым. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакировдон “Альянс” партиясынын ардак грамотасы менен сыйландым.

Буйруса, окуучумду райондук олимпиадага даярдап жатам. Азырынча мектепте өткөн иш-чараларда өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүп келишүүдө», — деди ал.

Окуучулар менен болгон кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Негизи мугалим сүрдүү болуш керек дегенге такыр кошулбайм. Азыркы балдардын тилин таап, алар менен бир кайыкта сүзүү керек. Мектептеги күлкүлүү учурлар — балдардын тамашаларында, кээде «шпаргалкаларды» колдонуп, кармалып калганда болот.

Башынан эле окуучулардын жат жазууларын үйгө текшергени алып кетем. Бир күнү бир окуучумдун ишин үйгө таштап келе бериптирмин (таштаганымды да унутуп калып). Мектепке келип, “сен жат жазуу жазган эмессиң” деп, ал окуучум «жазгам» дегенине да карабай кайра жаздырып салгам. Үйгө келип, сумкамды коюп, үстөлүмдү карасам, баягы окуучунун иши турат. Ошондо өзүмдөн өзүм аябай уялгам», — деди агай.

Социалдык тармактарга окутуу методдорун бөлүшүп турат.

«Бош убактымда китеп окуйм, кино көрөм, мектептин кагаздарын бүтүрөм. Абдан эле бош болуп калсам уктайм. Анан дагы социалдык тармагында көп отурам. Ал жактан өзүмө окшогон жаш кесиптештериме жардам болсун деп окутуу методдорун жүктөп турам. Ошондой эле башка мугалимдердин өзгөчө сабак өткөндөрүн көрүп, өзүмө идеяларды алам.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. 4 кыз жана мен. Атам мен апамдын 7 айлык курсагында кезинде каза болгон экен. Апам 5-класс окуп жүргөн мезгилимде кант диабетинен каза болгон. Атамдын агасынын колунда өсүп, чоңойдум. Келечекте балдарга татыктуу билим берип, “Эл мугалими” деген наамды алсам дейм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️