Н.Анисимов арпанын «Каррера» сортунан мол түшүм алып, Москва району боюнча рекорд койду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Садовой айылында фермер Николай Анисимов арпа жана буудайдын жаңы сортторун өстүрүп, гектарынан 80-90 центнерден көп түшүм алып, райондо рекорд койду.

Жергиликтүү тургун Баялы Саркуловдун айтымында, фермер буудайдын жаңы «Агрофакт», «тритикале ТИХОН», «Юта» жана «Алексей», күздүк арпанын «Каррера» сортторун өстүргөн. Оруп-жыюу өнөктүгүнүн алгачкы күндөрүндө «Алексей» сортундагы күздүк буудайдын гектарынан 80, ал эми «Каррера» элита сортундагы күздүк арпанын гектарынан 90 центнерден түшүм алып баштаган.

Айыл чарба адистери, агрономдор мол түшүм алууда үрөндү туура тандоо, өсүмдүктүн өсүп жетилүүсүндө агротехникалык эрежелерди сактоого көңүл бурууну айтып келишет. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы жаз айларында жаандын көп болгону, нымдуулуктун туруктуу сакталышына шарт түзгөнүн белгилешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️