Н.Алтынбекова айыл жергесинде чоң киреше алып келчү жумуш менен алек

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 26 жаштагы тургуну Нурайым Алтынбекова ашпозчулук менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Ал Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында 1998-жылы туулган. Учурда Ичке-Булуң айылында жашайт.

«Мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин консерваториясында окуган соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин окуп бүтүрдүм. Кесибим боюнча мугалиммин. Ашпозчулук кесипти 2,5 жылдан бери аркалап келем.

Үйдө 3 бала менен отуруп, пайда алып келчү көп иштерди кылдым. Кийим-кече сатып көрдүм, тортко буйрутма алып көрдүм, косметика саттым. Бир аз болсо дагы түшкөн акча керекке жарап турчу», — дейт ал.

Ошентип жүрүп, чоң киреше алып келчү иш баштагысы келген.

Пример HTML-страницы

«Бир күнү ойлонуп отуруп, чоң киреше алып келчү, айыл жергесине ылайыктуу, чоң иш жараткым келди. Анан айылга 3 айлык ашпозчунун окуусу келип калды. Азыркы замандын талабына ылайык окууну окуп, иштеп баштадым. Ишим ийгиликтүү болуп кардарларым дагы көбөйө баштады. Өзүм эле иштеп тим болбостон көптөгөн айымдарды окуттум. Алар менен команда түзүп, чогуу иш алып барып жатабыз. 1 тойдон 10-30 миңге чейин акча табабыз. Буйрутма бергендер көп. Кээде бир күндө 4-5тен той алып барабыз», — дейт ашпозчу айым.

Жумуш учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Тойго даярданып жатканбыз. Бир күн мурун үй ээлери чучук, казы-карта, этти бышырып даярдап коюшат. Анан үй ээси бышкан этти ийне менен сайып алып чыкмакчы болгондо ийне сынып кетип, сыныгын таппай калышкан. Улам бир этти кескилеп көрүшүп, 1 сааттан ашык издешкен. Аны бир туугандары «Бышкан этти дагы ийне менен алып чыгабы?» дешип, урушушкан. Этти майдалап туурап жатышып, акыры ийнени таап алышты. Ошентип экинчи ийне менен эт чыгаргыс болушкан», — дейт ал.

Бош убактысында ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүү менен алек болот.

«Быйылкы эң башкы ийгилигим «Ысык-Көлдүн мыкты ашпозчусу» наамын алып, төш белги, диплом лентасы менен сыйландым.

2018-жылы 20 жашымда турмуш жолуна аттангам. Учурда 2 уул, 1 кыздын апасымын.

Учурда тамак жасаганды онлайн жана офлайн түрүндө үйрөтөм. Баардыгын үйрөнө алышкан соң жумуш менен камсыздап, командама кошуп алып турам. Учурда 5 айым командамда ийгиликтүү иштеп жатышат. Келечекте дагы ашыра турган чоң максаттарым бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️