Мырзажигит Атабаев президенттин Оштогу өкүлүнүн басма сөз катчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМырзажигит Атабаев бүгүн, 2-сентябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал буга чейин «ЭлТР» телеканалынын маалымат бөлүмүнүн продюссери болуп иштеп келген.

Облус жетекчилигинин буга чейинки басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев 1-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Айыл чарба, жер ресурстары жана инфраструктуралык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️