Пример HTML-страницы

Мырза-Аке айыл аймагында ички чарбалык жолдор тегизделип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында ички чарбалык жолдор сүрдүрүлүп, тегиздөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, бул иштер 2024-жылдын кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо, тоют чөптөрүн чабууга даярдык көрүү максатында аткарылууда.

«Айыл аймактагы бардык айылдардын ички чарбалык жолдору тегизделип жатат. Жергиликтүү бюджеттен жалпы 200 миң сом акча каражаты сарпталган», — деди ал.

  • Административдик-аймактык реформадан кийин Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулган. Айыл аймакта жалпы 9 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE