Мырза-Аке айыл аймагында 10,5 млн сомго тигүү цехи курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 12-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагында 15 орундуу муниципалдык тигүү цехи пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Таланбек уулу билдирди.

Анын айтымында, ачылыш аземге Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, тиешелүү жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Мырза-Аке айыл аймагы районубуздагы орду чоң, өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймактардын катарында. Тигүү цехи 10 млн 500 миң сомго курулду. Өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 1 млн 300 миң сом каралды. Калган сумма долбоор тарабынан каржыланды. 15 адам жумуш менен камсыздалды. Жумушчуларды үзгүлтүксүз иш менен камсыз кылуу үчүн тигүү цехтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Цехти чоңойтуу да каралууда», — деди айыл өкмөт башчысы.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулган. Айыл аймактын курамында 6 айыл бар. Калкынын саны — 23 миң 577 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️