Мурунку мугалим Сүлүктү шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

TurmushПолотов Алмазбек Адылбекович Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 9-сентябрында Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров кол койду.

Алмазбек Полотов 1985-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Баткен мамлекеттик университетинде дүйнөлүк тилдер жана түркология боюнча мугалим адистигине ээ болгон. Андан соң Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынан жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу адистигин алган.

Алгач эмгек жолун орто мектепте мугалим, директордун орун басары кызматтарынан баштаган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️