Пример HTML-страницы

Мурунку күйөөсү кыйноого алган келиндин жакындары кайрылуу жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushМурунку күйөөсү тарабынан кыйноого кабылып, бычактан жаракат алган 36 жаштагы келиндин кийинки операцияларына акча каражаты жыйнала баштады.

Буга чейин Аселге Улуттук госпиталда 8 саатык операция жасалганы кабарланган. «Биз коомчулукка кайрылып, операцияга акча топтоп жатабыз. Эми 4-5 операция жасалат. Бул жактан эмес Түркияда жасалышы ыктымал. Кечээ, 20-сентябрда операциясы 8 саатка барды. Кулагы менен мурдун тигишти.

Экөө мындан 5 жыл мурун ажырашып кетишкен. Эки жолго түшкөндөн кийин сиӊдим балдарын багуу үчүн Италияга иштегени кеткен. Ал жактан 4 жыл иштеп, былтыр сентябрь айында келген. Келгенден баштап эле бул киши анын жанын койбой, тынчын алып жаткан. Милицияга арыз жазган. Кармап, кайра эле кое берип салышчу. Эми соттон акыйкат чечим күтөбүз», – деди жакындары.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: Мбанк: 0500 20 25 93 Гульзат О.

Буга чейин Сокулук районундагы Селекция айылында жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирде жасалган зордук-зомбулукка шектүү адам (39 жашта) кармалганы маалымдалган.

Алгач бул окуя тууралуу социалдык түйүндөргө маалымат тарап, жабырлануучуга милиция кызматкерлери өз учурунда жардам көрсөтпөгөнү айтылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта окуя тууралуу билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 20-сентябрда түшкөнү айтылган.

Бычактан 36 жаштагы Н.А. аттуу келин оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен катталып, жабырлануучунун күйөөсү Э.А. убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX