Мурунку депутатты темир торго түшүргөн кандуу окуя

TurmushЖогорку соттун коллегиясынын 9-марттагы токтому менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Абдурахман Абдуллаевге карата чыккан өкүм күчүндө калтырылды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

  • Абдуллаев Абдурахман Абдусаттарович 1969-жылы 2-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Жогорку билдимдүү, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, жеке ишкер.

  • Абуллаев 2005-жылы март айында Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты болуп шайланып, ал эми 2007-жылы 22-октябрда президенттин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин таратуу жөнүндө» жарлыгы менен депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Абдурахман Абдуллаев Жалал-Абад шаардык сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (кылмышка кошо катышуу), 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (адам өлтүрүү алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда), 233-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка активдүү чакыруу) жана 295-1-беренесинин, 299-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот аны мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискацилоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан.

Пример HTML-страницы

Жалал-Абад облустук сотунун 2021-жылдын 31-январындагы өкүмү менен соттун биринчи инстанциясынын чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

  • Абуллаев 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча Кадыржан Батыров, Ином Абдурасулов, Халилжан Худайбердиев, Махаматрасул Абакжанов менен бирге шектүү болгон.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, К.Б., И.А., А.Абдуллаев, М.А., X. Х. жана Ж.М. 2010-жылдын апрель айындагы окуяда республикадагы оор абалга карабай 15-майда өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен бирге жума намазда элди үгүттөп, Жалал-Абад шаарындагы Элдердин достугу университетинин короосунда митинг өткөрүшкөн. Митингге өзбек улутундагы адамдар, Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары, Ош жана Жалал-Абад облусундагы диний өкүлдөр катышкан. Анда өзбек диаспорасын коомдук-саясий чөйрөдө активдештирүү, түштүк аймакта мамлекеттик башкарууга өзбек улутундагы кадрларды киргизүү, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн сындап, улуттук, рассалык жана аймак аралык кастыкты козуткан. Ошондой эле К.Б. [Кадыржан Батыров] «биз күткөн 20 жыл келди, артка кайтыш жок. Өзбек тилине расмий статус берилип, кадрлардын 30 пайызы өзбек улутунан болушу керек» деген сөздөрдү эл алдында сүйлөгөн.

Минтигде сүйлөнгөн сөздөр «Ош ТВ» жана «Мезон ТВ» телеканалдары аркылуу көрсөтүлүп, 2010-жылдын 17-майында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун калкынын активдүү бөлүгү козголуп, К.Б.ны жана аталган телеканалдардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу талабы менен митингге чыгышкан.

Ал эми 19-майда К.Б.нын аракетине нааразы болгон эл Сузак районундагы ат майданга чогулуп, ал жерден Жалал-Абад шаарындагы Элдердин достугу университетине келип, өзбек жана кыргыз улутундагы адамдардын ортосунда кагылышуу болгон. Анын кесепетинен 71 адам жаракат алып, 3 адам каза болгон.

Абдурахман Абдуллаевдин жактоочусу кассациялык даттануусунда биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун өкүмүн жокко чыгарып, аны актоону суранган. Ал сот отумурунда күбөлөр жана жабырлануучулар тарабынан Абдуллаевдин кылмышка катышканы боюнча көрсөтмө берилбегенине байланыштуу өкүмдөр мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Ошондой эле 2010-жылы 17-19-март күндөрү Абдуллаев Жалал-Абад шаарында болгон эмес жана ал жердеги массалык баш аламандыкты уюштурган эмес.

Ал эми Жалал-Абад облустук прокуратурасынын прокурору биринчи жана апелляциялык инстанциядагы өкүмдөрдү күчүндө калтырып, жактоочунун кассациялык даттануусун канааттандыруусуз калтырууну суранды. Себеби Абдуллаевдин күнөөсү толугу менен далилденген деп эсептейт.

Биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттук отурумдарда жабырлануучу Адилдин (ысымы өзгөртүлдү) көрсөтмөсү боюнча, эртең менен үйүнөн чыгып, малды карап коюп келе жатканда атыш болуп жатканын угуп, жолго жүгүрүп бара жатып жабыркаган. Ага ок тийип, ооруканага жеткиришкен.

Дагы бир жабырлануучу Бакыттын айтымында, К.Б.нын «Ош ТВ» жана «Мезон ТВ» телеканалдары аркылуу сүйлөгөн сөздөрүнө эл нааразы болуп, Сузактагы ат майданга топтолгон. Ал митингге катышып, андан кийин Жалал-Абаддагы университетке барышкан. Университеттин ичинен өзбек улутундагы адамдар аларды таш менен уруп баштаган. Кыргыздар да таш менен уруп, университеттин 2-кабатынан ок атылган. Бул учурда ага 27 даана чачма ок тийип, ооруканага жеткирилген. Ооруканада октордун жарымы алынып, жарымы калып калган.

Жабырлануучу Адылдын көрсөтмөсү боюнча, 19-майда мечиттен келе жатса балдар кубалап, ал качып, көп кабаттуу үйдүн подъездине киргеде ал жерде ур-токмокко алышкан. Алар кайсы улуттан экенин көргөн эмес.

Жабырлануучу Ибрахимдин (ысымы өзгөртүлдү) айтымында, 14-майда К.Б.нын университетинен 500дөй адам жана «Ата Мекен» партиясынын белгиси түшүрүлгөн футболка, баш кийим кийген 300дөй адамга кошулуп, облустук администрациянын алдына барган. Аларды дагы 300дөй адам тосуп, уруш чыгып, бирок жаңжал көпкө созулбай эле токтоп калган. Малтык атылып, андан кийин К.Б. чогулган элди Бакиевдин үйлөрүн карай алып кеткен. Бул окуя «Мезон ТВ» телеканалынан көрсөтүлгөн. Элдин кыжыры келип, 17-майда Жалал-Абаддагы ресторанга чогулушкан. Ал жерге чогулгандар 4 пункт боюнча токтом кабыл алышкан. Алар — К.Б.ны тез арада кармоо, К.Б.га кылмыш ишин козгоо, «Ош ТВ» менен «Мезон ТВнын» ишин токтотуу, Б.А.ны иштен кетирүү. Ошондой эле «Манас» уюму түзүлүп, 40 чоро шайланган.

19-майда эл топтолуп, аталган университетке барышкан. Бирок алардын бирөөндө да курал-жарак болгон эмес. Бул учурда атайын отряддагы кызматкерлер менен милиционерлер келип, элдин ортосуна туруп калышкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин университеттен 200дөй жаш жигиттер чыгып, таш менен урган. Анын кесепетнен 2 тарап бири-бирине таш ыргыткан. Адамдар жаракат алып, бир кезде 2-кабаттан снайперчен адамдар чыгып, аларга карай ок аткан. Окуя болгон жерде 2 адам көз жумган. Университтетин жер төлөсүнөн да мылтык менен атып, көп адам жабыркаган.

Жабырлануучу Батырхандын көрсөтмөсү боюнча, 19-майда ат майдандагы чогулушка катышкан. Бир кезде баласы телефон чалып, «уруш болуп жатат, бизди алып кет» деген. Унаасы менен кетип бара жатканда ок атылып, чачма ок башына тийип, ооруканада өзүнө келген.

Сот отурумунда башка күбөлөр дагы окуяны ушундай баяндап беришти.

  • Жогорку соттун токтому акыркы жана даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы сот чечимдеринин жана актыларынын маалымат базасына жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️