Мурдагы депутат менен ишкердин чырынын чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүрк ишкери Шахин Кахраман бүгүн, 18-июль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында мурдагы депутаттын үстүнөн даттанышты.

Анын айтымында, ал 2013-жылы Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн №48 дарегине үй салуу үчүн келишимдин негизинде Ош мэриясынан жер алып, жер төлөсүн куруп баштаган. Кийин Ош шаарынын мэри алмашкандан кийин мэрия жерди кайра алып койгон.

«Инвестор болуп, Түркиядан келдим. 2013-жылы тендерден Ош мэриясынын жерин уттук. 1-1,5 жылдын ичинде курулуш иштерин баштадык. Жер төлөсүнүн цементтерин, 1-кабатка чейин фундаментин куюп койгонбуз. Ошол учурда мэр алмашты. Биздин курулуш иштерибиз токтоду. Ал учурда мэрияга жыйындарга барып жүрдүк. Бирок курулушка уруксат бербей коюшту.

2020-жылы Урмат Аманбаева (мурдагы депутат) бизге телефон чалып, «сенин шеригиңдин үлүшүн алдым, сен да сатасыңбы мага» деди. «Сүйлөшөлү, макул келсе сатам» дедим. Нотариус аркылуу Урмат Аманабева менен келишим түздүк. Келишимде 6 ай ичинде 200 миң доллар акчаны бериши керек эле. Келишимде 6 ай ичинде акчаны берсе, мен да өзүмдүн үлүшүмдү өткөрүп бермек болгом. Арадан 6 ай өтүп, «сен үлүшүңдү мага өткөрүп бербесең, иштерим токтойт, жаман болуп калат» деди. Анан мен ага өз үлүшүмдү өткөрүп бердим. Ал менин үлүшүмдү алгандан кийин 1 айдын ичинде акчаны бермек болгон. Өз колу менен тил кат жазып берди. Андан кийин «Бишкектен үй берем, тигил жактан үй берем, бул жактан үй берем» деп көп жолу алдап жүрдү. Акыры 2024-жылдын биринчи айында «сен мага акчамды бербесең дагы арыз жазам, кайрылчу жерлерге кайрылам» деп айттым. Ал акчаны ушул жылдын алтынчы айына чейин берерин айтты.

Бул боюнча милицияга арыз жаздым. Кыскасы кайсы жерге кайрылбайын ишти жаап коюшат. Кайсы жерге барып арыз жазбайын ишти токтотуп коюшту. Ошондуктан урматтуу Садыр Жапаров, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерден жардам сурайм»,- деди ал.

Пример HTML-страницы

Аталган иш боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы түрк ишкерлеринин компаниясы келишимдин негизинде мэриядан жер алып, үй сала баштагынын маалымдады. Бирок курулуш нормалары туура эмес болуп, ишкерлер талаптарды сактабай койгону үчүн соттун чечими менен мэрия жерди өзүнө кайра алган.

Мурдагы депутат Урмат Аманбаева Turmush басылмасына комментарий берип, түрк ишкеринин айткан кептерин төгүндөдү. Ал үй куруу үчүн укугу бар документтерди өткөрүп алган.

«Түрк ишкерлеринин үй куруу укугу бар документтерин келишимдин негизинде өткөрүп алганбыз. Бул Шахин мырзанын үлүшү 120 миң доллар эле. Мен булардан акча алып, бербей койгон жерим жок. Бул жерде мен жабырлануучу болуп жатам. Аткени түрк ишкерлери мага «документтери таза, эч кандай маселе болбойт» деп өткөрүп беришкен. Бирок алар үй курган жерди Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы өзүнө өткөрүп алып, муниципалдык ипотеканын үйүн куруп коюшуптур. Мен ал башкармалык менен соттошуп, соттон уткам. Мыйзамда талаштуу болуп жаткан жерге курулуш курулбашы керек эле. Бирок алар курулуш куруп алды да. Кийин жаңы жагдайлар менен дагы сотко кайрылышты. Ош шаардык сотунун чечими чыкты. Азыр облустук соттун чечимин күтүп жатам.

А түрк ишкерлерине келсек, аларга акча эмес, ошол курула турган үйдөн батирлер берилет деп айткам. Менин бардык иштер боюнча фактыларым бар», — деди Аманбаева.

Ал эми Ош ШИИБдин маалыматына караганда, Шахин Кахраман аттуу жаран Урмат Аманбаеванын үстүнөн арыз жазган. Ал арызында Аманбаева «Мехр-Мер» ЖЧКсынын үлүшүн 200 миң долларга Урмат Аманбаева сатып алам деп келишим түзүп, бирок акчасын бербей жатканын билдирген. Ош ШИИБ арыз каттоого алып, күбөлөрдү сурап, төмөндөгүлөрдү аныктаган.

Урмат Аманбаева «Мехр-Мер» ЖЧКсындагы үлүшүн сатып алуу үчүн Шахин Кахраман менен келишимге кол койгон. Келишимде Кахрамандын үлүшүн батир менен алмаштыруу каралган. Тактап айтканда Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн №48а дарегинде курулуп жактан үйдөн 3 батир берүү каралган.

Натыйжада Ош ШИИБ бул иште кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кыскарткан. Бул иш жарандык тартипте сотто каралып жатканы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️