Пример HTML-страницы

Мурдагы банк кызматкери М.Самсалиева ашпозчулук кесиптен 4 эсе көп пайда түшөрүн айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын 40 жаштагы тургуну Махабат Самсалиева той-аштарда ашпозчулук кызматын көрсөтүүдө. Ал 33 жашында кесибин алмаштыргандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

М.Самсалиеванын айтымында, мектепти аяктагандан кийин экономика жана финансы тармагына окууга тапшырган.

«Мен 1981-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөм. С.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин босогосун аттап, 1998-жылы аяктадым. Андан соң Каракол шаарына Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперация институтуна тапшырып, 2003-жылы кызыл диплом менен аяктадым. Ошол эле мезгилде Ысык-Көл бухгалтерлер мектебинен кошумча билим алып, аны да кызыл диплом менен 2002-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм», — деди ал.

Махабат Самсалиева 2001-жылы студенттик кезде чогу окуган жигитке турмушка чыгып, 2 кыз жана 2 уулдуу болгон соң кесибин өзгөрткөндүгүн кошумчалады.

«Жолдошум Таалайбек Кулчуматов менен студенттик кезде тайпалаш элек. Турмуш куруп, жолдошум менен бирге Каракол, Балыкчы шаарында жана Бөкөнбаев айылында жалпы 12 жыл аралыгында финансы тармагында (банкта) эмгектендим. Ошону менен Тоңдун Кажы-Сай айылында жашап келе жатабыз.

2012-жылы үйдөн пирог, булочканын түрлөрүн жасап буюртма ала баштадым. Анан акырындык менен тамак жасоого өтүп, бирин-экин жакшылыктарга кызмат көрсөтө баштадым. 2014-жылдан тарта тойлорго буюртма алып, эмгектенип келе жатам. Бул кесипке бала кезимен шыгым бар болчу. Анткени чоң энем өзбек улутунан ашпозчу эле. Анан салат, тамак-аштын түрүн өзүмдүн фантазияма жараша интернеттен, онлайн курстарга катышып, тез эле өздөштүрүп алдым. Азыркы тапта үйдөгү балдарымды тарбиялап, буюртмага да чыгып киреше табуудамын. Бул кесипке алган билимимдин пайдасы тийип жатат. Бул багытта мурдагы айлыктан 4 эсе көп киреше түшөт», — деди ал.

Махабат Самсалиеванын эки кызы тең ашпозчулук кесипте билим алган. Ал кыздары келечекте үй-бүлөсүнө мыкты тамак-аш жасап берип кубантса деп ниет кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE