Мундузбек Добутов 20 сотых жерге күнөсканаларды куруп, лимон жана мандариндерди өстүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын 52 жаштагы тургуну Мундузбек Добутов 20 сотых аянтка 2 күнөскана куруп, бирине лимон, бирине мандарин өстүрүп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы багбандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 64 түп мандарин, 64 түп лимондон жылына 4 тоннадай түшүм алат. 6 жылдык көчөттөн 3 жылдан бери түшүм алып жатат.

«2019-жылы Өзбекстандан 64 түп лимон, 64 түп мандарин көчөтүн алып келгем. Бул 10 сотых күнөсканада 64 түп мандарин бар. Ал эми жанындагы күнөсканада 64 түп лимон көчөтү бар. 3 жыл дегенде түшүм бере баштады. Бардык көчөттөр көктөдү. Бул жерде мандариндин 2 түрү бар. «Медовка» деген сорту азырынча жашыл бойдон турат. Алар эми бышат. «Турецкий гибрид» сорту бышып сатыкка чыкты», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле түшүмдү көбүнчө Бишкекке жөнөтөрүн айтты.

«Түшүм аба ырайына карайт. Күн жакшы болсо, жакшы түшүм алабыз. Апрель айында күнөскананын үстүн ачабыз, октябрь айында кайра жабабыз. Апрель айында гүлдөп баштайт. Лимон 5-6 жолу гүлдөйт, 1 жолу түшүм берет. Мандарин да ошол убакта эле гүлдөп, 1 эле жолу түшүм берет. Мына азыр бышып баштады, 5 күндөн бери терип базарга алып чыгып жатабыз. Мандариндин 1 килограммы 180 сомдон, лимондуку 130 сомдон. Жакшы болгондо 1 түп көчөттөн 30 килограммга чейин мөмө алабыз. Өткөн жылы апрель айында гүлдөгөн учурда үшүк алып, түшүм албай калдык.

Баткенде лимон өстүргөндөр көп эле. Бирок мандарин өстүргөндөр жок. Бул көчөттөр 50-60 жылга чейин түшүм бере берет. Кароо жакшы болушу керек. Жазында ар 2 күндө суу беребиз. Анан дары же химикат колдонбойбуз. Биогумус жер семирткичти колдонобуз. Жерди жумшартып, борпоң кылып, нымдуулукту сактайт. Дары да чачпайбыз. Ошондуктан башка жактардан келген мандариндерден даамдуу болот. Теримди ноябрь ичи бүтүрөбүз. Түшүмдү көбүнчө Бишкекке жиберебиз. Анан өзүбүздүн жергиликтүү базарларга чыгарабыз», — деди ал.

Багбан Мундузбек Добутов мандарин, лимондон сырткары өрүктүн 5-6сортун өстүрөт. Үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️