Мунарбек Сейитбек уулуна жардам берген өзбек машыктыруучу сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

Парижде боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов сыйланды. Бул тууралуу Чыңгыз Айматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун башкы катчысы Ассол Молдокматова билдирди.

Акмал Хасановго Олимпиада учурунда көрсөткөн адамгерчилиги, толеранттуулугу үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы медаль Ташкент шаарында ыйгарылды.

Ассол Молдокматова машыктыруучуга чапан, калпак кийгизип, Ысык-Көлгө жолдомо тапшырды.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️