Пример HTML-страницы

Мугалимдик кесипти таштаган Алтынгүл айым Жыргалаңда чет элдик туристтерди тосуу менен алектенип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылында тоо туризми колго алынып, эс алуу үчүн өлкө ичинен жана сырттан келгендер арбын. Бээ сүтүн эс алуучуларга сунуштаган Алтынгүл Иманкулова туризм тармагына кантип келип калганын айтып берди.

«Мектепти аяктаган соң, 2001-жылы Каракол шаарындагы окуу жайга туризм адистигине тапшырдым. 2006-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган соң, турмуш жолуна аттандым. Кийинчерээк балдарым жарыкка келип, туризм багытында иштөөгө шарт жок болуп калды. Анын үстүнө Боз-Учук айылында жашачубуз, бул жерде аял киши үчүн эң ыңгайлуу кесип мугалим экен. Анан 2015-жылы педагогикалык багытта билим алдым. Ошентип, билим берүү тармагында да эмгектендим. Жайкысын жолдошум экөөбүз мал багып, тоого чыгып жүрдүк. 10 жылдан ашык убакыттан бери жылкы кармап, кымыз жасап келебиз. 2 жыл мурун Жыргалаң айылына көчүп келдик», — деди ал.

Туризм багытына бет алган каарманыбыз мугалимдик кесибинин баш тартты.

«Мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келгем. Азыр өзүм бала кезден кыялданган туризм тармагына кеттим. Бул чечимди үй-бүлөм да колдоп, Жыргалаңдан үй алдык. Бул жакка чет жерден келген эс алуучуларды кабыл алуудабыз. Учурда Өзбекстандан келген эс алуучулар саамал ичип, ден соолугун чыңдап жатат. Алгач бизге келген эс алуучулар «ичимди алып кетет» деп сүт ичкенден коркушат. Анан көнгөндөн кийин жылда келип, бээ сүтүн ичкендер бар», — деди ал.

Алтынгүл айымдын жолун жолдоп, балдары да туризм тармагына бет алышты.

«Жолдошум экөөбүздүн 5 балабыз бар. Экинчи кызым Бишкек шаарында туризм багыты боюнча 2-курста окуп жатат. Уулум Умар 9-класста окуйт. Ал бизге жардам берип, бээ саайт. Чет элдиктер менен баарлашып, тил үйрөнүүгө да кызыгып калды. Менин кыялымды орундаткан балдарыма жана жолдошума ыраазымын», — деди ал.

Каарманыбыз бээ сүтүнүн пайдасы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Бээ сүтү уйдун жана эчкинин сүтүнө караганда алда канча жеңил жана сиңимдүү. Курамы витаминдерге бай. Азыр аз кандуулук, астма жана аллергия ооруларына каршы ичип жатышат. Көбүн эсе сасык тумоодон сактоо жана иммунитетти жогорулатуу үчүн ичишет. Саамал ичкен адамдар кышында сезондук сасык тумоо болбой жаткандыгын айтып, келип ичип кетишет. Жаңы ичип баштагандарга 50 грамм, буга чейин ичкендерге 200 граммдан 5 маал сүт беребиз. Бизге 5-10 күнгө келип, жатып ичишет. Беш маал саамал, жатаканасы жана үч маал тамагы үчүн 2000 сомдон төлөшөт», — деди Алтынгүл айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE