Мугалимдик кесибин таштап, Дубайда сүйүктүү жумушун тапкан Алтынайдын жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну Алтынай Мырзакулова. Ал айына 5 миң сомдон маяна алган мугалимдик кесибин таштап, Дубайда көп кирешелүү жана сүйүктүү жумушун тапканын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1999-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, менден кичүү 2 сиңдим бар. Үйдүн улуусу болгондуктан, эки сиңдимдин камкор эжесимин. Кочкор районундагы мектепте 9-класска чейин окуп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы колледжинин педагогикалык факультетине тапшырдым.

Ата-энебиз жок болгондуктан, турмуштун түйшүгүн эрте тартууга туура келди. Окуу менен бирге кошумча акча табуу максатында иштеп, жалгыз таенеме жардам берип жүрдүм. Орто кесиптик билим алгандан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, аны да ийгиликтүү аяктадым.

Өзүмдүн кесибим боюнча иштегенге аракет жасадым, бирок айына 5 миң сом гана маяна алчумун. 2 ай иштеп, мындай айлык маяна менен кыялдарыма жетүү кыйыныраак болуп каларын түшүндүм. Акыр аягы жумуштан чыгып, эмне иш кылганда жетиштүү акча таап, аткарган кызматымдан эргүү аларымды ойлоно баштадым.

Ошентип, бала кезимден кыялданган Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына учуп кеттим. Азыр өзүм сүйгөн жумуш менен алекмин (тырмак жасоо боюнча адис, визажист). Аял затына сулуулук тартуулоо мени бактылуу кылат. Жогорку билимдүү педагог болгонум менен, аял затына сулуулук тартуулоо менин хоббим деп ойлочумун. Ушул тармактан акча таап, өсүүгө болорун билгенде, жогорку окуу жайга тапшырбай эле бул жакка кетмекмин. Бирок кыялдарды орундатууга эч качан кеч эмес», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Ал мектепти аяктап жаткан жаштарга кеп-кеңешин берди.

«Азыркы мектепти аяктап жаткан жаштарга айтарым, өзүңөр сүйгөн жана жүрөгүңөргө жакын болгон кесипти тандагыла. Кичинекей хоббиңер чоң диаспорага айланып, бүткүл дүйнөңөргө бакыт тартуулашы мүмкүн.

Кичинекей кезимде таенемди чет өлкөгө алып барууну кыялданчумун. Кудайым насип кылып, Египет өлкөсүнө таенем экөөбүз барып эс алып келдик. Ошол жактан эс алып жүргөн бактылуу адамдарды көрүп, жашоомду дагы да өзгөрткүм келди. Египеттен келип эле Дубайга кетүүнү чечтим да, камданып баштадым. Таенем ар дайым менин чечимимди сыйлап, мага ишенгендиктен баары бат болуп кетти. Мага буга чейин эле чет өлкөлөрдөн көп чакыруу келчү. Ошолордун арасынан өзүмө туура келгенин тандап, жөнөп кеттим», — деди ал.

Каарманыбыз Дубай эли жана жери жөнүндө сөз кылды.

«Жүрөгүм динге жакын болгондуктан, бул жактан өзүмдү өтө сонун сезем. Дубайдын 100 пайызы дебесем да, 80 пайызы Ислам дини менен жашашат. Эң эле жакканы — спирт ичимдиктерин көз көргөн жерде сата беришпейт. Мыйзам күчтүү иштейт. Негативден алыс мамлекет болгондуктан, эч ким бири-бирине катуу сүйлөп, урушуп, согушушпайт. Бирөөнү сөгүп, же тартипке сыйбаган нерсе кылсаң, айып пул төлөйсүң. Бул жакта аял затына сылык мамиле кылышы, эркек адамга жаш кезинен эле мектептен коомчулук тарбия берип коёру жакты.

Аба ырайы жай мезгилинде эле кыйыныраак болбосо, өтө сонун. Албетте, Кыргызстанга жетпейт. Кыргызстандай жайы жайдай, кышы кыштай болгон өлкө барбы?

Дубайдын экономикасы өзүңөр билгендей эле нефть жана газдан турат. Алдыңкы мамлекеттердин бири болуп, туризми жакшы өнүккөндүктөн, өтө кооз бийик имараттары бар жана эс алуучуларга дагы бардык шарттары түзүлгөн.

Дубайда жашаш үчүн айлык маяна туура келиши керек. Иштейм, аракет кылам деген адам жумушсуз калбайт. Бирок ал үчүн сөзсүз түрдө чет тилди билүүсү кажет. Жумуш орду өтө көп жана ар бир эмгек бааланат. Өтө кооз мамлекет, тазалыгы, калктын мыйзамга баш ийгендиги, эң негизгиси коопсуздугу 100 пайыз каралган. Айта берсе өтө көп, мен сүйгөн өлкө», — деди ал.

Алтынай айым алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Өзүм активдүү жашоо алып барганды жакшы көрөм жана спортко кызыгам. Йога, фитнеске калтырбай барам. Жаш кезимден бери съемкаларга тартылып жүргөндүктөн, анда-санда Дубайда да чакырып турушат. Албетте, буга мен каршы эмесмин. Бош убактымда суунун жээгине барып, ойлонуп отурганды жактырам. Жаңы нерселерди үйрөнүп, окугандан качпайм. Алдыда дагы да көп кызыгуулар пайда болот деп ишенем.

Келечекке койгон максаттарым, пландарым, убакыт жана менин аракеттерим баарын көрсөтөт. Ар бир кыз бул жашоодо өзүнүн түгөйүн табууну кыялданат болушу керек. Мен дагы ыймандуу жана менин ой-максаттарымды колдогон жигитке турмушка чыгып, бардык кыялдарды чогуу ишке ашырабыз деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️