Мугалим Ботокөз Абдыкадырованын ишиндеги кызыктар

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 57 жаштагы тургуну Ботокөз Абдыкадырова 39 жылдан бери кыргыз тилчи мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1987-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган.

«Мектепте окуп жүргөн кезимде эле адабий китептерге кызыкчумун. 7-8-класста эле чоң-чоң романдарды окуп, мектепте китеп жумалыгына калтырбай катышчумун. 9-класста айылыбыздагы китепканадагы бардык китептерди окуп койгом. Атам да, апам дагы адабий китептерди көп сатып келишчү. Аябай жакшы китептер бар эле. Алардын баарын окуп койгондо, апам районго барган сайын жаңы чыккан китептерден алып берчү. Ал китептер азыркы күнгө чейин бар.

Мугалимдик кесипти да тандаганыма ушул китептерге кызыгуум да түрткү болду деп ойлойм. Мектепте дагы кыргыз тилден берген Акмат деген агайыбыз бар эле. Ошол агай кыргыз тили сабагы болгондо эле «Ботокөз ушул чыгарманы окудуңбу?» деп эле сурап калчу. Ар бир чыгарманын мазмуну, каармандары тууралуу сурачу. Мен кайсы гана чыгарманы сураса дагы баарына даяр элем. Агайды сураса экен деп күтчүмүн. Китеп окуганды жана айтып бергенди абдан жакшы көрөм.

Апам дагы башталгыч класстын мугалими эле. Мугалим болууга, кызыгуума ушул нерселер түрткү болду. Кичинемден эле өзүмдүн сиңдилериме, инилериме отургузуп алып жаздырып, айттырып, ырдатып эле отурчумун. Ал кезде атам дагы эпосторду окуп берчү.

Пример HTML-страницы

Мектепке эң биринчи пионер башчысы болуп иштеп баштагам. Мурунку кезде ушундай дагы кызмат бар эле. Анда ар кандай иш-чарага дайындоо менин жумушум эле. 23-февралга карата окуучулардын арасынан эң жакшы ырларды айта турганын, ырдаганын тандап алып, даярдап жаткан учурда эле сырттан бир агай чуркап келип калды. Эмне болуп кетти деп эле чоочуп кеттик. Ал кирип эле «ким ыйлап жатат?» деп калды. Эч ким ыйлаган эмес эле. Көрсө бизде «Келген жок» деген ырды ырдап жаткан баланын үнү алыстан ыйлагандай угулган экен да. Башында кайгырып келген агай баланын ырдаганын угуп алып, аябай күлгөнү эсимден кетпейт. Ошондон тарта балдарды жанында туруп эле угуп койбой, алыс жактан дагы ырдаганын угуш керек экен деп ойлоп калдым. Азыр балдарды ушундай иш-чараларга даярдоодо дайыма угуп көрөбүз.

Чоң-Кара-Буура мектебинде башка жакта иштеп жүрүп, кайтып келген соң мага 7-классты бөлүп беришти. Көрсө ал класс аябай бейбаш класс экен. Алар менен ынтымактуу иштеп, 11-классты бүтүрдүм. Бүтүп жатканда алар мага «Эжеке, сиздин мүнөзүңүздү басып келе жатканыңыздан эле билчүбүз. Сиз чогулушка катышып чыккандан кийин биз жөнүндө кандай сөз айтканыңызды да билчүбүз» деп айтышчу эле. Мен «кантип билчүңөр?» десем көрсө чогулуштан сын угуп калсам классым жөнүндө сумкамды түз кармап кирип келчү экенмин. Эгер жакшы сөз уксам сумкамды, колдорумду ары-бери кыймылдатып келчү экенмин. Ошондор эле менин маанайымды билип коюшчу экен», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы окуяларды эскерди.

«Окуучуларыбыздын арасында да ар кандай учурлар болот. Бир окуучум дайыма жазган учурунда «Э» тамгасын унутуп кетчү. Ага дайыма айтсам да унутуп койчу. Бир жолу экзаменге келгенде ага «Э» тамгасын унутпай жаз» деп эскертип, «үйүңө унутуп келбе» деп тамашаласам, экзамен буткөн соң, «Э» тамгасын кошпой турган жерге деле кошуп жаза берген экен. Ал туура эмес деп айтсам «Эже, үйгө унутпай алып кел дегениңизден баарын калтырбай алып келдим» деп баарыбызды күлдүргөн.

Мен дагы секция жетекчиси болуп, жаш мугалимге насаатчы кылып койду эле. Анын сабагына кирейин дедим. Убагында барып отурам мугилимибиз жок күтсөк. 20-25 мүнөт өткөн соң аны издеп мугалимдер бөлмөсүнөн таптым. Журнал толтуруп олтурган экен. «Сабагың башталып калбадыбы, кирбейсиңби?» десем, ал мени туура эмес түшүнүп алган экен. «Сабагыңа мен кирейин» дегенди мени сабак өтөт деп түшүнүп алыптыр.

Мектеп турмушунда ушундай кызыктар, ар кандай педогогикалык кырдаалдар боло берет», — деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️