Мотоциклди катуу ылдамдыкта башкарып, пицца жеп бараткан айдоочу табылды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында мотоцикл менен ээнбаштык жасаган айдоочуга 16 миң сом айып салынды.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн Turmush басылмасына билдиргендей, окуя кечээ, 17-сентябрда болгон. Анда айдоочу каттуу ылдамдыкта бара жатып, рулду башкарбай, пицца жеген.

«Калаанын борбордук көчөлөрүнүн биринде Сузак районунун 1998-жылы туулган тургуну өзүнө тиешелүү болгон «Honda CBR 600R» үлгүсүндөгү мотоциклди катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып, рулду кармабай, колуна пицца кармап жеп жаткан видео соцтармакка тараган. Анын негизинде жол кыймылын тескеген инспекторлор айдоочуну таап, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 189-беренесинин 1-пункту менен 15 миң сом айып пул, ушул эле кодекстин 182-беренесинин 6-пунктуна ылайык 1000 сом айып пул салынды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми мотоцикл айып короого киргизилди.

Пример HTML-страницы

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында мотоцикл жана электроскутер башкарган айдоочуларга карата рейд өтүп жатат.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 189-беренесинин 1-пункту: Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч (15 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

182-берененин 6-пункту: Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу — жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️