Москва районунун эли дагы кандай маселелерди көтөрүштү?

TurmushКечээ, 12-апрелде Чүй облусунун Москва районунун элинин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуусунда сүттүн баасы төмөн экендиги, үй куруу үчүн жер тилкесин алуу көйгөйлөрү жана башка бир топ маселелер көтөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, облустун жаңы жетекчисинин эл менен жолугушуусу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар жайында өттү. Ага облус жетекчиси Нурил Алымбаев, анын биринчи орун басары Сыргак Кыдыкеев, райондун акими Ниязбек Козуев жана башка бир топ жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчылары, райондун 300гө жакын эли катышты.

«Район элинин басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Ошондуктан, дыйканчылык кылуу жана мал чарбасын өнүктүрүү үчүн жер керек. Айрымдар жүздөгөн жерди ээлеп алган. Эмне үчүн ал жерден башка адамдарга алып берип, жумуш менен камсыз кылса болбойт? Элет жергесинде көп жылдан бери «тоңуп» калган көйгөйлөр негедир чечилбей жатат. Айлана-чөйрө таштандыга толуп, аймактарда тазалоо иштери жанданбай жатат», — деди Сретенка айыл аймагындагы Заря айылынын 64 жаштагы тургуну Автандил Долбаев.

Пример HTML-страницы

Ал эми Петровка айылынын жашоочусу сүттүн баасы 30-35 сомго түшүп кеткенин билдирсе, айрым жергиликтүүлөр үйгө кызыл китеп алуу 30 миң сом болуп жатканына нааразы болушту. Ошондой эле паспорт, жөлөк пул, базардагы башаламандык, баалардын өсүп кеткени, таксисттердин көйгөйү, Кепер-Арыктагы мектеп маселеси жана башка бир топ маселелер айтылды.

Райондун акими Ниязбек Козуев бардык иш мыйзам чегинде гана чечиле турганын белгилеп, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына көтөрүлгөн маселелерди ыкчам аракетте карап чыгуу жагын тапшырды. Жыйында эл көтөргөн маселелер тууралуу айыл өкмөттөрүнүн башчылары да жооп беришти. Жолугушууда облус жетекчиси Нурил Алымбаев айтылган маселе, көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча иш-чаралар түзүлүп, тиешелүү жыйынтык болорун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️