Пример HTML-страницы

Москва районунун балыкчылары ондатранын кызыктуу жүрүм-турумуна күбө болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунун балыкчылары ондатранын (териси кымбат кемирүүчүлөрдүн бир түрү) жоруктары тартылган видео менен бөлүшүштү.

«Балык уулоо көп учурда кызыктуу окуялар менен коштолот. Анын жүрүшүндө жапайы жаратылыш дүйнөсүнөн көптөгөн кызыктуу маалыматтарды биле аласың.

Бул жолу эч кандай балык кармалган жок. Бирок ондатра жемин кантип таба турганын көрсөттү. Каршы жээктеги камыштын ширелүү сабактарын чогултуп, аларды чуңкурга сүйрөп кирди. Ондатралар ийиндерин дайыма суунун астына курушат. Ошентип аларды ийинден чыгуудан корккон балдарына тамак ташыйт деп божомолдоого болот», — деп өз байкоолору менен бөлүштү балыкчылар.

Ондатра — кемирүүчүлөрдүн момолойлор тукумчасындагы сүт эмүүчү жаныбар. Дене узундугу 35 сантиметрге, куйругу 28 сантиметрге, салмагы 1,5 килограммга жетет. Суу жээгинде жана сууда жашоого ыңгайланган. Куйругу капталынан жалпак, арткы буту сүзгүч жаргакчалуу. Жүнү калың (жыш) кара-күрөң, кара түстө, суу жукпайт.

Эркегинин урук бези куут мезгилинде мускус затын бөлүп чыгарат. Ийин казып же камыш, чым көңдүү кыртыштан үй куруп жашайт.

Ондатранын мекени — Түндүк Америка. Европага бир нече жолу алынып келип, байырлаштырылган. Евразияга, ошондой эле Субарктикага чейин таралган. Кичи жана Алдыңкы Азия, Моңголия, Кытай, Кореянын суу жыйылмаларында да көп. Кыргызстандагы чоң суулардын боюнда кезигет.

Жылына 3-4 жолу 7-8ге чейин тууйт. Териси баалуу. Кээде плотина жана дамбаларга зыян келтириши мүмкүн. Ондатра — туляремия, паратиф жана башка жугуштуу оорулардын козгогучтарын табигый алып жүрүүчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE