Москва районундагы талааларда саргарган дарбыздар чачылып жатат. Түшүм мол болгону менен баасы чыкпай калды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда дыйкандар өстүргөн дарбыз сатылбай саргарып, талаада чачылып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул жагдайга дыйкандар нааразы болууда.

«Районубузда жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Үстүбүздөгү жылы сугат суу мол болгондуктан кылкандуу дан эгиндери жана башкалар түшүмдүү болду. Ал эми гектарлап өстүргөн дарбыздын баасы талаада дүңүнөн 4 сомдон да өтпөй, мээнетибиз талаада калды», — деди дыйкандар.

Райондогу базарда дарбыз 8-10 сомдон сатылган.

Пример HTML-страницы

Turmush 2024-жылдын август айында Москва районунда дарбыздын баасы 5 сомго арзандап, эгин талаасында саргарып баштаганын жазган.

«Үстүбүздөгү жылы түшүм мол, суу да жетиштүү. Алгач гектарлап айдаган дарбызыбыз орточо 9-10 сомдон сатылып баштаган эле. Эми дагы 5 сомго арзандап, дүңүнөн 4 сомдон талаада сатылып жатат. Баанын көтөрүлүшүн күтсөк, талаада саргарып да баштады. Мындай шартта ойлогондой киреше таба албай жатабыз», — деген дыйкандар .

Ал учурда райондун борбору Беловодский айылында дарбыз 8 сомдон сатылган.

«Дарбыз, арпа же буудай болобу эл үчүн баанын арзаны жакшы деңизчи. Бирок, жаз алды менен күнү-түнү талаада түнөп, маңдай тер төксөк, ортомчулар дүңүнөн дарбыздын килограммын 4 сомдон алып жатканы дыйкандарга киреше бербейт жана кеткен чыгымды да актабайт. Айла жоктон сураган баага берип жатабыз. Ушундан улам баа көтөрүлөбү деген үмүттө талаада кайтарсак, күн ысыкта саргарып да кетип жатат. Ал баанын мындан да арзандашына жол ачууда. “Эмне кылуу керек?» деп, өзүбүзгө өзүбүз собол таштап, башыбыз да катты», — деген фермерлердин бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️