Москва районундагы мал базарда майда малдардын баасы канча болууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда иран эчкилери сатыкка коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ар айдын жекшемби күндөрү райондун борбору Беловодск айылында мал жана кышкы тоют базары өтөт. Ал чакан мал базар болгону менен сатуучу жана кардарлардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундар.

Беловодск айылынын тургуну Виктор иран тукумундагы текени сатыкка койду.

«Бул сакалы бар, 2,5 жаштагы иран текеси. 19 миң сомго сатам. Анык аларман болсо, бир аз арзаныраак да берем. Башка жандыктарга караганда тынчы жок. Ары-бери чуркай берет. Бирок адамга аябай байыр алган», — деди ал.

Аталган айылдын тургуну Надежда зааненск тукумундагы эчкинин улактарын сатыкка алып чыкты.

«Бул улактар 1 жаштан өттү. Баасы 4 миң сом. Бул сүт багытындагы эчкилердин породасы. Булардын бою кичине болот. Үйдө да улактар көп. Аларга күндө сүт берүү үчүн сүттүн баасы кымбат. Ошондуктан, айрымдарын сатып жатам», — деди.

Пример HTML-страницы

Чөп алууга келген жергиликтүү тургундардын бири базарда сатыкка чөп аз чыкканын айтты.

«Быйыл таштын үстүнө да чөп чыкты. Элде беде, талаа чөптөрү, саман жана башкалар көп. Бирок бир таңгагы 200-250 сом болгондуктан сатыкка алып чыкпай жатышат окшойт. Өткөн жылдары чөптүн баасы 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Менимче, ошол бааны күтүп жатышкандыр», — деп оюн ачыктады.

Ал эми мал базарда 2,5 жаштагы арашан кочкору 55 миң, миронос 15 миң, чарба койлору эттүүлүгүнө жараша 12-25 миң сомго чейин бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️