Москва районундагы эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык

TurmushКечээ, 31-мартта саат 15:25 чамасында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жеткирилди.

«Жол кырсыгы Спартак айылынан Төлөк айылына кирген жерде катталды. 19-21 жаштагы балдар, тактап айтканда 6 бала, 2 кыз «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа менен Бишкектен Төлөк айылынын жашоочуларына ичүүчү сууну тазалоочу чыпка (фильтр) коюу үчүн келе жатышкан. Биздин оюбузча катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа башкаруудан чыгып кетип, жол боюндагы бакты сүзгөн. Ошол замат айдоочу унаада руль менен отургучтун ортосунда кысылып калып каза тапкан. Ал эми арткы орундукта келе жаткан бала унаадан жерге түшүрүлгөндө жан берди. 1 кыз, 1 бала унаадан ыргып кеткен. Жарат алган 6 бала райондук ооруканага жөнөтүлдү. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБнын, ӨКБнын кызматкерлери, тез жардам унаасы жана айрым жергиликтүү тургундар келип, жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Учурда 2 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Биринин абалы оор.

«Кырсыкка кабылган 6 адам саат 18:00 чамасында ооруканага алып келинди. Учурда 2 адам жандандыруу, 4 адам (2 кыз, 2 эркек) сыныктар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. 1 кыздын буту, 2-кыздын жамбашы сынып кеткен. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан баланын бирөөнө башынан операция жасалды. Ал эми экинчиси да оор абалда», — деп билдиришти райондук аймактык ооруканадан.

Ичүүчү таза суу түтүгүнө чыпка (фильтр) коюлуп жатканы жөнүндө Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы Эвертбек Маматов төмөндөгүдөй маалымат берди: «Айыл аймагында 1400дөн ашуун жашоочулар бар. Өткөн 2019-жылы бардык аймактын суу түтүктөрү алмаштырылып, эл таза суу менен камсыздалган. Учурда айрым жашоочулар эмне себептен чыпка койдуруп жатканы түшүнүксүз. Жеке ишкерлер менен айыл өкмөтүнүн эч келишими деле жок. Сууга чыпка коюучулар өткөн жылдын күз айларынан бери келип, жашоочулар менен макулдашып иштеп жүрүшөт», — деди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 4 эркек адам (2002-жылы туулган И.Б., 2002-жылы туулган А.У., 2 эркек адамдын аты-жөндөрү такталууда) жана 2 кыз — 2005-жылы туулган А.Ж. жана 2001-жылы туулган Ж.Э. жаракат алды. Ошондой эле 2 эркек адам (2001-жылы туулган К.Б., 1 эркектин аты-жөнү такталууда) каза болду.

Пример HTML-страницы

«Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон айдоочу – 2001-жылы туулган К.Б.ны унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматы Москва райондук ооруканасына алып кетти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️