Москва районунда жылдын «супер» келини тандалды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushАйымдарды коомдук иштерге тартуу жана үй-турмушундагы ролун көрсөтүү максатында Чүй облусунун Москва районунда алгачкы жолу «Супер келин-2024» сынагы өттү. Анда 5 жеңүүчүгө эс алууга жолдомо берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондо алгачкы жолу өткөн «Супер келин-2024» сынагынын уюштуруучуларынын бири — Беловодск айылынын 32 жаштагы тургуну Моңолбай кызы Нурайым төмөндөгүлөрдү айтып берди.

«Супер келин» сынагын өткөрүү көп жылдан бери жүрөгүмдө түнөп, оюмда жашап жүргөн. Эсимде «Кыргызстан сулуусу-2022» сынагына катышкан соң, ошондой максат койгон элем. Элибизде «Ар нерсенин өз убактысы келет» дегендей, ушул жылдын май айына туура келди окшойт. Сынактын максаты — айымдарды коомдук иштерге тартуу, катылып жаткан жеке жөндөмдөрүн элге таанытуу жана башкаларга үлгү кылуу багыттарын көздөгөн эле. Ошентип, сынак өз максатына жетип, уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан 5 жеңүүчүгө эс алууга 2 кишилик жолдомо берилди», — деди ал.

Уюштуруучулардын бири — Заря айылынын 37 жаштагы тургуну Айсулуу Миярова: «Сынактын идеясы жагып, колдоого ээ болду. Алгач кастинг жарыяланып, 20 жаштан 40 жашка чейинки курактагы 37 келин долбоорго катышты. Алардан 15и тандалып алып, сынакка 2 ай даярдык көрүлдү. Ошентип, саламдашуу, жалпы бий, өз өнөрүн көрсөтүү жана даамдуу тамак жасоо баскычтарынан турган сынак өттү», — деди.

Ошентип, Петровка айылында өткөн сынакта курамы 10 адамдан турган калыстар тобунун чечими менен 5 жеңүүчү аныкталып, аларга уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан эс алууга 2 кишилик жолдомо берилди.

Пример HTML-страницы

Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Кызыл -Туу айылынын 32 жаштагы тургуну, маданият кызматкери Медина Осмоналиева райондун «Супер келин-2024» сынагынын баш байгесин багындырды. Ага таажы кийгизилип, Өзбекстанга 2 кишилик жолдомо ыйгарылды.

2-орунду Садовой айылынын 26 жаштагы тургуну, жеке ишкер Бурулкан Урматбек кызы багындырып, ага Алматага 2 кишилик жолдомо берилди.

3-орунду Беловодск айылынын 37 жаштагы тургуну, жалгыз бой эне Эльнура Иманкулова ээлеп, ага Ысык-Көлгө 2 кишилик жолдомо тапшырылды.

4-орунду Петровка айылынын 37 жаштагы тургуну Нуржан Ободоева ээлеп, ага Ысык-Көлгө 2 кишилик жолдомо ыйларылды.

5-орунду Беловодск айылынын 23 жаштагы тургуну Айгерим Максатбек кызы багындырды. Ага Буранага 2 кишилик жолдомо берилди.

Сынактын жыйынтыктоочу бөлүгүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанова, айыл өкмөттөрдөн адистер, маданият кызматкерлери жана башкалар катышып, жеңүүчүлөрдү куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️