Москва районунда жаш мугалимдер ант беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 3-октябрда Чүй облусунун Москва районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Анда алдыңкы мугалимдер төш белги, ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мугалимдердин кесиптик майрамы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү. Ага акимдин орун басары, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, мектеп директорлору, жаш мугалимдер катышты.

Анда 15 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, 30 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы» жана бир нече агартуучулар ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Мындан сырткары ардагер жана КРнын эмгек сиңирген мугалимдерине баалуу белектер берилди. 20 жаш мугалим салтанаттуу түрдө ант берип, катышуучуларга ырдап беришти.

Жаш мугалим Мээрим Сакаеванын мугалим болуп калышына чоң энеси түрткү болгон.

«Мугалимдик кесипке ээ болуп, жакында В.В. Степаненко атындагы Беловодск жалпы билим берүү орто мектебинде алгачкы эмгек жолумду баштадым. Менин мугалим болуп калышыма Жайыл районунун Алексеевка айылынын 68 жаштагы тургуну Жумагүл чоң энемдин таасири өтө чоң. Ага ыраазычылык билдирем жана ак иштеп, элге кызмат кылам», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Москва районунда 5 мугалимдин «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамы бар. Алар:

1. Галина Адылбекова Ак-Башат айылынын тургуну;

2. Казима Сушанло Александровка айылынын тургуну;

3. Фаина Марова Александровка айылынын тургуну;

4. Жумакадыр Бекболиев Белеводск айылынын тургуну;

5. Сексенбай Турдукожоев Беловодск айылынын тургуну.

Райондо 33 орто мектеп, 14 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1 балдардын билим берүү борбору бар. Аларда 1200дөн ашуун мугалимдер 23 170тен ашуун окуучуларга билим беришет.

Өкмөт тарабынан 5-октябрь жыл сайын белгиленчү Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү болуп бекитилгени ведомстводо эскертилет. Бул туурасындагы токтомго 2014-жылы премьер-министр тарабынан кол коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️