Москва районунда жакында эле кырсык катталган жолго жасалма тосмо коюлду

TurmushКечээ, 6-апрелде Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Торпок айылындагы ички унаа жолго жасалма тосмо (лежачий полицейский) коюлуп, жөө жүргүнчү өтүүчү жол белгилери жаңыланды.

Ак-Торпок айылы Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан.

«Москва районундагы Петровка—Нарзан багытындагы унаа жол Ак-Суу бурулушунан башталып, Ак-Торпок, Мураке, Чоң-Арык жана Кепер-Арык айылдарын аралап өтүп, Жайыл районунун Сосновка айылындагы Бишкек—Ош унаа жолуна туташат. Ошондуктан, айдоочулар аралыкты кыскартуу максатында ушул жол менен катташат. Айыл аралаган унаа жолдо каттам аз болгондуктан айдоочулар ылдамдыкты жогорулатышат. Бул жол кырсыгынын жаралышына негиз болот. Ага далил катары жакында эле Таластан тойдон келе жаткан 11 адам кырсыкка кабылып, айдоочу жеринде каза болгонун эске сала кетсек жетиштүү. Экинчиден, жогорку ылдамдыктагы унаа жергиликтүүлөрдүн да жашоосуна коркунуч жаратууда. Анткени, балдар ошол жол менен мектепке барышат, мал айдашат…

Ошондуктан, кечээ, 6-апрелде Ак-Торпок айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин жанындагы унаа жолго унаалар ылдамдыгын төмөндөтүү үчүн жасалма тосмо коюлуп, жөө адам өтүүчү жол белгилери жаңыланды. Албетте, элдин суроо-талабын орундаткан жергиликтүү бийликке, райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБнын кызматкерлерине жана жол куруучуларга ыраазы болуп жатабыз», — деди жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️