Москва районунда ысырапкерчилик маселеси талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 16-октябрда Чүй облусунун Москва районунда күнүмдүк жашоодо болуп жаткан терс маселелер талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында телефон аркылуу алдоолор, үй-бүлөлүк салтанаттар, маркумду эскерүүдөгү салт-санааларды тартипке келтирүү, ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери көтөрүлдү.

Жыйын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамажанованын жетекчилиги астында өттү.

Алгач, мамлекеттик банк кызматкерлери тарабынан чөнтөк телефон аркылуу кимдир бирөөлөрдүн жалган маалыматтарына ишенбөө, алдануу жолу менен акчаны алдырып коюудан сак болууну түшүндүрүштү.

Райондун имамы Искендер Жаркеев маркумду эскерүүдөгү салт-санааларды тартипке келтирүүгө, өзгөчө маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликке жол бербөө маселесин көтөрдү.

Пример HTML-страницы

«Адамдар кудайдан коркпойт, бирок айып пулдан коркот. Биз ар дайым ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштерин айтып келебиз. Маселен, кур намыс, аттаандаштык күч алып, кабырды, эстеликти мрамор менен кооздоо жана башкалар туура эмес. Эгер колуңда бар болсо, жол оңдоп, суу чыгарып андан башка толуп жаткан иштерди аткарса болот», — деди имам.

Ал эми Кепер-Арык айылынын айыл башчысы А.Урманбетов айылында имам жок экенине токтолду.

«Биздин айылда имам жок. Жума намазды Чоң-Арык айылына барып, окуп жатабыз. Бизге имам жөнөткүлөчү. Ага үй деле таап берели. Ошондой эле, ысырапкерчилик боюнча көтөрүлүп жаткан маселени колдойбуз», — деди ал.

Дарыгер Мирбек Бектуров ооруларга каршы эмдөөдөн 534 жаран баш тартканын белгиледи.

Жыйынга айыл башчылары, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, имамдар, милиция жана мамлекеттик банк кызматкерлери жана башкалар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️