Пример HTML-страницы

Москва районунда тоо этегиндеги айылда 1,5 млн сомго футболдук аянтча курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу тоо этегиндеги айылда 1,5 миллион сомго футболдук аянтча курулуп жатат. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди.

Чоң-Арык айылы — Ак-Суу айыл аймагындагы 7 айылдын бири. Айылда узундугу 150, туурасы 60 метрге жакын болгон футболдук аянтчанын курулуш иштери башталды. Учурда жери тегизделип жатат.

Футболдук аянтчага айыл тургундары жана чет өлкөдө эмгектенип жаткандар, демөөрчүлөр тарабынан 1,5 миллион сом каржыланат.

Эске сала кетсек, айылда буга чейин демөөрчүлөр тарабынан спорт комплекси да курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE