Москва районунда талаадагы куураган чөптөр өрттөнүп, түтүнү айылды каптап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусундагы Москва районунун талааларында куураган чөптөр өрттөнүп, айылды түтүн каптап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына айыл тургундары билдирди.

Маалым болгондой, буга жергиликтүү тургундар нааразы болушууда.

«Айыл аймактарда эгиндерди оруп-жыйноо иштери аяктап бара жатат. Айрымдар талаалардагы куураган чөптөрдү өрттөп да жатышат. Анын түтүнү айылды каптап, ден соолукка, экологияга, тазалыкка терс таасирин тийгизүүдө», — дешти тургундар.

Бул боюнча райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Талааларда айрым жарандар куураган чөптөрдү өрттөп жатышат. Ал жалындап, жылып отуруп, короодогу, мал сарайдагы жыйылган тоюттарга, айрым учурда үйлөргө да жайылып кетүүсү ыктымал. Мындай шарттарды эске албаган айрым тургундар куураган чөптөрдү өрттөп жатышат. Биз күнү-түнү убара болуп, өчүрүүдөбүз. Ошондуктан жергиликтүүлөрдү куураган чөптөрдү өрттөбөөсүн эскертебиз. Себеби материалдык да чыгым алып келүүсү мүмкүн», — деп билдиришти.

Пример HTML-страницы

Ушул жылдын 8 айында куураган чөптөрдөн жана таштандылардан 67 өрт кырсыгы катталган

Өткөн айларда Беловодск айылындагы таштанды топтоочу жайдан жана мүрзөдөн түн ичинде өрт чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️