Пример HTML-страницы

Москва районунда түндө кар жаады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 26-майда Москва районунун тургундары май айында адаттан тыш табигый көрүнүшкө күбө болушту.

Саат 22:00дөн 23:00гө чейин жаан жаап, ал карга айланган.Видео Чүй облусунун Москва районундагы Кепер-Арык айылында тартылган.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Кыргызстанда 25-26-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-майда күндүз жана 27-майда түндө абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлөт.

27-майда түндө жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында аба ырайынын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE