Пример HTML-страницы

Москва районунда оруп-жыйноо өнөктүгү башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айыл аймагында алгачкылардан болуп жаздык арпаны оруп-жыйноо жумуштары башталды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Узак Саралаев билдирди.

ААРден кийин Чапаев, Целинный жана Төлөк айыл аймактары бириктирилип, курамы Кыз-Моло, Спартак, Маловодный, Төлөк жана Ак-Сөөк айылдарынан турган Төлөк айыл аймагы түзүлгөн.

«Айыл аймагында 5 790дон ашуун калк жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Айыл аймакта дыйканчылыкта пайдалануучу 14 904 гектар жер бар. Анын 3785 гектарына буудай, 4750 гектар жерине арпа өстүрүлгөн. Жаз алды менен үрөнү себилген жаздык арпа бышып жетилди. Учурда аны оруп-жыйноо жумуштары башталды. Айыл аймактарда кылкандуу дан эгиндеринин өсүп жетилүүсүнө караганда өткөн 2023-жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүгү бир топ жогору. Оруп-жыйноо жумуштары эми гана башталгандыктан гектарына канча центнерден болоорун так айтуу да кыйын. Быйыл 2024-жылы сугат суу маселеси көтөрүлгөн деле жок. Демек, дыйкандарда түшүм мол», — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE