Москва районунда окуучулар арасында бейбаштыкка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда мектеп окуучулар арасында бейбаштыкка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанова билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага райондук ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнөн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан, мектеп окуучулары, мугалимдер жана башка тиешелүү жетекчилер, адистер катышты.

«Коомчулукта жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук орун алып жатканы анык. Өзгөчө, айрым бир мектеп окуучулары ар түрдүү себептерден улам бейбаштыкка берилип, рэкетчилик, массалык мушташ уюштуруп, ата- энелерине да көйгөй жаратууда. Мындай иштердин алдын алуу улуу ата-энелердин, мугалимдердин зарыл милдети. Ошондуктан көйгөй жараткан ар түрдүү жагдайлардын себебин аныктоо, тактоо менен мектеп окуучуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда мектепте, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин, нормаларын так сактоого, сапаттуу билим алууга чакырыктар ташталып, лекциялар окулду. Мындай иштер ар түрдүү форматта уланып келет», — дейт акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️