Москва районунда мыйзамсыз көрнөк-жарнак орнотуп, күйүүчү май саткандарга рейд өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-октябрда Чүй облусунун Москва районунда мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактарды жана күйүүчү май саткандарды көзөмөлдөө боюнча рейд өтүп жатат.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 3 жаран айыпка жыгылды.

«Москва районунда жол кыймылына тоскоол болгон, уруксат берилбеген жерге көрнөк-жарнак койгон 1 жаранга жана күчүүчү май саткан 2 жарандын ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынды. Москва райондук ЖКККБ жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️