Пример HTML-страницы

Москва районунда мамлекеттик туу 27 метр бийиктикке көтөрүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 31-майда Чүй облусунун Москва районунда 27 метр бийиктикте коюлган, өлчөмү 3×6 метр болгон мамлекеттик желектин ачылыш аземи өтүлдү. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Иш-чара Беловодск айылындагы борбордук аянтта өттү. Ага облус жетекчиси Канат Жумагазиев, райондордон акимдер, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанаттуу иш-чарада президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, райондук акими Ниязбек Козуевдер мамлекеттик желектин өзгөчөлүгүнө, баалуулугуна токтолуп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 100 иш-чаранын бири экендигин белгилешти.

Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М.Сыдыков.

2023-жылдын декабрынын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын желегин өзгөртүүнү жактырышкан: жаңы желекте Күндүн нурлары түз, ал эми мурдагы желекте Күн нуру толкун болгон.

—————

1924-жылы 14-октябрда Москвада Бүткүл союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусу ОСФСРдин курамына киргизилген.

Жаңы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М.Каменский, облустун революциячыл (башкача айтканда Аткаруу) комитетинин төрагалыгына Иманалы Айдарбеков бекитилген.

1925-жылы 27-30-март күндөрү Пишпек шаарында 135 делегат катышкан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жобо кабыл алынган. Натыйжада революциячыл комитет күчүн жоготуп, мамлекеттик бийлик 51 мүчө жана 12 кандидаттан турган облаткомго өткөн. Курамына И.Айдарбеков, Ж.Абдырахманов, М.Каменский жана башка кирген атайын комиссия түзүлүп, ага облустун жобосунун (конституциялык) долбоорун түзүү иши тапшырылган. Ошондой эле, «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү облус эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу жана башка сунуштар көтөрүлгөн. 1925-жылдын 25-майынан Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылдын 1-февралынан Кыргыз АССРи деп аталган. Толугу менен бул жерден окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE