Москва районунда Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

Turmush23-сентябрь күнү Чүй облусунун Москва районунда Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, анда коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эмгектери эскерилип, кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Мамлекеттик кыргыз тилинин 35 жылдык салтанаты Беловодск айылы жаңы ачылган эс алуу аянтчасында өттү. Анда кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө баяндамалар айтылып, көркөм окуулар окулду. Ошону менен бирге коомдук жана мамлекеттик ишмерлер К.Тыныстанов, И.Арабаев, Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков жана башка инсандардын баскан жолу эскерилди. Кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулап, мугалимдер жана окуучулар кыргыз тили жөнүндө ар түрдүү форматта иш-чараларды көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️